• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто “Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз!” аттуу бир айлык акция башталды

Аймак 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 24-май күнү Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокоу айымдын катышуусунда “Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз!” акциясынын алкагында жыйын болуп өттү. Ага көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын жатак мектебинин тарбиялануучулары, Ош шаардык билим берүү, социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү, инклюзивдик багытта тарбия берип окутуп жаткан мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери келип катышты.

Жыйындын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп, алдын коомго аралашуусуна шарттарды, аянттарды түзүп берүү боюнча ой-пикирлер айтылды. Ошондой эле, көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын жатак мектебинин тарбиялануучулары жана мугалимдери ийгиликтери жана пландарын ортого салышты.

Вице-мэр Нурбек Кадыров акциянын алкагында 1-июнь балдарыд коргоо күнү чоң иш-чара өткөрүлө тургандыгын белгилеп, социалдык кампаниянын максаты өзгөчө муктаждыгы бар ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго интеграциялоо экендигин кошумчалады.

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокоу балдардын кызыкчылыгы үчүн ар тараптан колдоого алып, түрдүү багыттагы иштерди жүргүзүп жаткан Ош шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, жемиштүү кызматташтык мындан ары да уланаарын белгилеп өттү.

Жыйындан соң, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокоу айым инклюзивдик багыттагы “Айданек” балдар бакчасына барып, наристелер менен сүйлөшүп, концерттик программасын көрүштү. Айта кетсек, “Балага эшикти жана жүрөгүңүздү ачыңыз!” акциясынын алкагында тематика үндөгөн баннерлер, 30га жакын аялдамага сүрөттөр илинип, түрдүү иш-чаралар өтөт.

Белгилей кетсек, Ош шаарында билим берүү башкармалыгына караштуу 11694 социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары орто мектептерде, үй-шартында, көмөкчү мектептерде, инкюзивдик багыттагы балдар бакчаларында билим алышууда.

Пикир

Оставить комментарий