• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто баласын эстен тангыча сабаган аял камакка алынды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Ош шаарында баласын сабап, эсин оодарып койгон 24 жаштагы А. Д. аттуу келин камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, аял 4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жаракат алып, эстен танып калган баласын алып келген. Ал 2 жаш 8 ай болгон баласын “тепкичтен кулап кеткен” деп түшүндүргөн. Наристенин денесин кароо учурунда ал денеси көгала болуп, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласын өзү кепкир (тамак аралаштырган буюм) менен сабап салганын мойнуна алган.

Ал уулун жалгыз тарбиялап келе жатканын, ошол күнү тил албаганы үчүн сабап койгонун билдирген.

Учурда келиндин үстүнѳн Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголду. Өзү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн сот анын бөгөт чарасын карайт.

Пикир

Оставить комментарий