• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто балдар үчүн мэрдин балатысы өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.18. /Кабар/. Кечээ, 28-декабрда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында жаш балдар үчүн “Алтын балаты ” аталышында мэрдин балаты майрамы өттү. Ага шаардын мектеп-интернаттарынан , балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунан, балдар үйлөрүнөн жана билим берүү мекемелеринен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан 600дөн ашуун бала катышты.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жомок каармандары ыр ырдап, хореографиялык топтор түрдүү бий бийлеп, наристелерге майрамдык маанай тартуулады. Аяз ата, аяз кыз,токой жаныбарлары менен биргеликте балдарга оюн-зоок программаларын көрсөтүп, конкурстар уюштурулуп, белектер таратылды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жаш балдарды жаңы жылы менен куттуктап, аларга ден соолук, бактылуу балалык каалоо менен, биргеликте жаңы жылдын символу балатыны күйгүзүп, тегерене бийлешти.

Т.Сарыбашов жаңы жылдык балатыга келген 600дөн ашуун балага белектерди тапшырды. Айта кетсек, балдар үчүн даярдалган белектерге жана жаңы жылдык майрамды өткөрүү үчүн жалпысынан 290 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий