• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто балдар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Бүгүн, 1- июнда Ош шаарында балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү.

Ага шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мэриянын өкүлдөрү, шаардагы балдар, ата-энелер, мугалимдер катышты.

Анын негизинде “Өчпөс от” мемориалдык комплексинин алдында шаардык мэрия тарабынан “Менин шаарым” аттуу балдардын асфальтка сүрөт тартуу сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди.

Ага улай Токтогул эс алуу багында окуучулар арасында спорттук таймаштар өтүп, жеңүүчүлөр түрдүү белектер менен сыйланды.

“Токтогул” паркынын жайкы бий аянтчасында балдар үчүн бий кече, театрлаштырылган оюн-зоок, майрамдык концерт программа тартууланды.

Н.Кадыров балдардын татыктуу таалим-тарбия, жетиштүү билим алсуусуна, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачып берүү шаардык мэриянын негизги милдети экендигин белгиледи.

“Балалык - бул адамдын өмүрүндөгү эң бир ыйык, эстен кеткис көз ирмем. Ар бириңер илгери үмүт байлап, таттуу тилек менен чоңоюп жатасыңар. Бала тилегин Кудай берет, кабыл кылат. Баардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын.

Өнүп-өсүп, эрезеге жетип, терең билим, татыктуу таалим-тарбия алгыла. Улууну сыйлап, кичүүнү ызааттаган, турмуштун оош-кыйышын көтөрө билген, ар кыл кыйынчылыктарга тике караган, эгемен Кыргызстандын татыктуу улан-кыздарынан болушуңарга тилектешмин”,-деди Н.Кадыров.

Мындан сырткары, шаардын бардык сейил бактарында балдар үчүн атайын майрамдык иш чаралар өткөрүлдү.

Эске салсак, Ошто шаар мэри А.Кадырбаевдин буйругу менен “Биздин балдар – планетанын келечеги” аттуу бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында, социалдык коргоого муктаж балдарга “Токтогул Сатылганов” атындагы сейил бактагы аттракциондорго атайын талондор менен акысыз ойноону, бал муздактарды, шириндиктерди таратуу, мекеме-ишканалар тарабынан материалдык колдоо көрсөтүү, балдарга акысыз медициналык жардамдарды уюштуруу, социалдык жактан муктаж балдар үчүн акысыз таетрдык оюн-зооктор, маданий иш-чараларды уюштуруу каралган.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы БУУнун атайын сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий