• 82.28
  • 86.3
  • 1.28

Ошто балдар менен иштөөчү инспекторлор үчүн атайын семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекторлору үчүн атайын семинар уюштурулду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышып, аларга моралдык-психологиялык тараптан жабыр тарткан балдарды кантип аныктоо керектиги жана аларга кандай жардамдарды көрсөтүү зарылдыгы боюнча маалымат берилди.

Милиция кызматкерлерине Ош шаарындагы үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборунун психолог, юристтери өз билимдери менен бөлүшүшүп, балдарга ар тараптуу жардам берүүнүн жолдорун биргеликте карашты.

Психологдор милиция кызматкерлерине жаш балдардын психо-эмоционалдык абалын жөнгө салуунун, алдын алуунун жол-жоболорун айтып беришти. Балдардын психикалык жактан жабыркап жүргөндөрүн кантип таанып-билүүгө болорун айтышты.

Милиция кызматкерлери жана психологдор жаш балдардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, балдарга жардам көрсөтүү боюнча биргелешип иштөөгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий