• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто балдар ооруканасында 90 адамга ылайыкташкан кычкылтек станциясы орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында 90 адамга ылайыкташкан кычкылтек станциясы ишке кирди.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кычкылтек станциясы Ош шаарындагы 10 жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен жасалган. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган ооруканадан кабар алып, ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

Калаа башчысы 100 орундуу оорукананын курулуш иштери менен да таанышып, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий