• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ошто Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди — сүрөт

Аймак 0

Бишкек. 01.06.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунда мектеп окуучуларынын, студенттердин, ыктыярчылардын катышуусунда майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Балдарды бүгүнкү майрамы менен Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов куттукташты.

Коноктор мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу материалдык жардамдарды көрсөтүп, белектерди беришти.

Ал эми, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында бий жана музыка сүйүүчүлөрүнө куурчак театрынын, жомок каармандарын образдарын чагылдырган таланттардын катышуусунда чоң программадагы концерт тартууланып, балмуздак таратылды.

Майрамга катышкан бардык балдар үчүн шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан шахмат, шашки, тогуз коргоол, аркан тартыш, батут оюндар боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө жана 1000ден ашык катышуучуларына белектер тапшырылды.

Балдарды коргоо күнүнө карата коомдук уюмдар жана кайрымдуулук фонддор тарабынан сейил бакта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, социалдык аялуу үй-бүлөлөр үчүн сынактар, чыгармачылык жана интеллектуалдык оюндар уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий