• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Балдардын күнүнө арналган иш чаралар өттү

Аймак 0

Бишкек, 1-июнь /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров баштаган бардык вице-мэрлер, “Боорукердик”, “Алтын уя", "Лотос" балдар үйүнө, балдар үйлөрүнө барып, тарбияланып жаткан наристелердин майрамы менен куттукташты. Анын негизинде вице-мэрлер балдарга Ош шаарынын мэриясынын атынан таттууларды жана белектерди тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

З.Аскаров наристе күлкүсү дүйнөдө табылгыс байлык, андыктан баардык наристелерге жагымдуу маанай тартуулап, ар тараптан колдоого алып туруу кажет экендигин белгиледи. Ошондой эле, келечекте дал ушул наристелердин арасында мамлекет, ата мекен, эл үчүн кызмат кылган мыкты инсандар көп экендигине толук ишенем деп кошумчалады.

1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан наристелер өз таланттарын тартуулап, ыр-бийлерин аткарып, калоо тилектерин айтышты.

Эске салсак, Ошто шаар мэри А.Кадырбаевдин буйругу менен “Биздин балдар – планетанын келечеги” аттуу бир айлык жарыяланган. Бир айлыктын алкагында, социалдык коргоого муктаж балдарга “Токтогул Сатылганов” атындагы сейил бактагы аттракциондорго атайын талондор менен акысыз ойноону, бал муздактарды, шириндиктерди таратуу, мекеме-ишканалар тарабынан материалдык колдоо көрсөтүү, балдарга акысыз медициналык жардамдарды уюштуруу, социалдык жактан муктаж балдар үчүн акысыз таетрдык оюн-зооктор, маданий иш-чараларды уюштуруу каралган.

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы БУУнун атайын сессиясында кабыл алынып, 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий