• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто балдарын кароосуз калтырып кеткен эне турмушка чыгып кеткендиги аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Өзгөндө өз балдарын кароосуз калтырып кеткен эне табылган. Маалым болгондой, ал турмушка чыгып кеткен. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, он күн өткөндөн кийин балдардын энеси социалдык коргоо боюнча шаардык Башкармалыкка чалып, болжолдонгон күнү келем деп, бирок келген эмес. Милиция кызматкерлери аны таап, мекемеге кайрылуусуна көндүрүшкөн.

"Аял Кара-Сууда ашпозчу болуп жумушка орношуп эле тим болбостон, жеке жашоосун да унутпай - турмушка чыгып кеткен. Балдардан баш тарткан эмес. Бирок биргеликте жашоо үчүн тиешелүү шарттар жок болгондуктан, камкордукка алуу органы кыздарына жана өзүнө документ жасоо үчүн 6 ай убакыт беришкен. Маалым болгондой, кыздарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болуп чыккан, анткени ал экөөнү тең үйүндө төрөгөн", - деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, 31 жаштагы аял кыздарынын атасы менен ажырашып кеткен. Күйөөсү Россияда. Эгерде аял талаптардын бардыгын аткарбаса, анда 4,5 жана 1,5 жаштагы кыздарды балдар үйүнө жөнөтүшөт.

Эске сала кетсек, Ошто милиция кызматкерлери "Түнкү өспүрүм" аталыштагы рейд учурунда эки кызды энеси өзү жалдаган батирдин ээсине калтырып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий