• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто бардык талаптарга жооп берген, заманбап бассейн ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Ош шаарында баардык талаптарга жооп берген, жаңы заманбап бассейндин ачылуу аземи болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев “Классик” мейманканасынын “Classic Pool” спорт-комплекси заманбап стилде, шаардыктарга жана келген конокторго кызмат көрсөтүүнү жаңы баскычка көтөргөндүгүн билдирди.

“Маалымат боюнча комплекстин заманбап бассейини, тренажердук залы жана башка ыңгайлуу шарттары мейманкананын конокторунун муктаждыктарын гана канаттандырбастан, шаардыктардын да эс алуусуна, ден соолугун чыңдоого багытталган кадам катары кабыл алууга болот. Бул шаардын өнүгүшүнө, шаардыктардын сергек турмушун образына шайкеш келген кадам деп эсептейм. Келген туристтердин агымын көбөйтүүгө, аларга жогорку деңгээлде тейлөө көрсөтүүгө өбөлгө түзөт”, - деди А.Кадырбаев.

Ал эми “Классик” мейманканасынын жетекчиси Жаныбек Ажимаматов курулушка жалпысынан 40 млн.сом коротулгандыгын билдирип, курулушка кеткен ар бир материал жогорку сапатта экендигин билдирди. Ошондой эле, жеке ишкерлерди колдоп, курулушка жардам көрсөткөн Ош шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Classic Pool” спорт-комплексинде европалык стандарттагы суу тазалоочу фильтр, тренажердук зал, бассейн, массаж, кафе-бар жайгашкан. Жалпысынан 15 адам жумуш орун менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий