• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жаңы жылдык балаты жанды, бийиктиги 27 метр (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 17.12.1. /Кабар/. Оштун борбордук аянтында жаңы жылдык балатыны жандырышты.

Борбордук аянт шаар тургундарын жана конокторду күтөт, - деп билдиришти Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Бул балаты Кыргызстан боюнча эң бийик болуп саналат, бийиктиги 27 метр. Балатынын чокусуна 2 метрлик жылдыз орнотулган. Балатыны орнотуу жана аянтты кооздоо иштерине мэрия жалпысынан 1 млн. 400 миң сом бөлгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жумада өлкөнүн башкы балатысынын оту жанган. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр.

Пикир

Оставить комментарий