• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто башкы балатынын оту жанды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Кечээ, 24-декабрь күнү Ош шаарында башкы балатынын оту жанды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаарындагы борбордук аянтта атайын концерттик программа уюштурулган. Балатыны жандыруу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов шаар тургундарын келе жаткан 2020-жаңы жыл менен куттуктап, борбордук аянтта 31-декабрга чейин майрамдык кече улана тургандыгын кошумчалады.

Иш-чара жаштарга арналган дискотека менен уланган.

Пикир

Оставить комментарий