• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Баткен облусунун тургундарын үйлөрүнө жөнөтүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында өз үйлөрүнө кайтууну каалаган Баткен облусунун тургундарын жөнөтүү иштери уланууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул иштер Ош шаарынын мэриясы жана КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.

Жолго чыгаар алдында жарандар комплекстүү түшкү тамак менен камсыз болушат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Баткен облусунун 1000ден ашуун тургундарына күн сайын түшкү тамак берилүүдө.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан кичи автобустар уюштурулуп, күн сайын жарандар Баткенге жөнөтүлүп жатат.

"28-сентябрда күндүн биринчи жарымында Ош шаарынан 4 кичи автобус менен 90го жакын жаран жөнөтүлдү. Бул багыттагы иштер улантылат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий