• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскеришти

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Ошто Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскеришти. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, жыл сайын Ош шаарында 26-октябрда Баткен окуясында каза болгон жоокерлер эскерилет. Бул датага карата Ош шаарында 1999-2000-жылдарда өлкөнүн бүтүндүгүн коргоодо аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлерди эскерген митинг-реквием өттү.

Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мелис Жусупов катышты.

Өз сөзүндө Жусупов атуулдук милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, мекенди коргоого кошкон салымдары жана Баткен окуясында курман болгон жоокерлерге жана алардын бир туугандарына Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий