• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто бажы кызматкерлери 5 тонна аткезчилик күрүчтү аныкташты

Аймак 0

Бишкек, 22.11.17. /Кабар/. Ошто бажы кызматкерлери 5 тонна аткезчилик күрүч аныкташты,-деп билдирет МЧКнын басма сөз кызматы.

“Түштүк” ыкчам бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен-Ош унаа жолунда Ош шаарынын Жапалак айылынын аймагында КРнын Б.Т.Э., аттуу жараны башкарып бара жаткан “Мерседес - Бенц 814Д” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда – полиэтилен баштыгына салынган күрүч табылган, ар бир капта 50 кг күрүч болгон. Аныкталган товардын жалпы салмагы 5 миң кг түзүп, жалпы суммасы 550 миң сом болгон.

Топтолгон материалдар Ош облусунун прокуратурасына жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий