• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келинген 7 тонна күрүчтү кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келинген 7 тонна күрүч кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда Кыргыз Республикасынын А.Б.М., аттуу жаранынын башкаруусундагы “Камаз” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп, текшерилген.

"Унааны текшерүү учурунда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 миң ккг болгон ак күрүч табылган. Кармалган товардын баасы 735 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий