• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто бажычылар тарабынан жүзүм аткезчилиги ачыкталды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Ошто 11-октябрда “Түштүк” ыкчам бажы кызматкерлери тарабынан жүзүм аткезчилиги аныкталган. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен-Ош унаа жолунун Жапалак айыл аймагында бажы кызматкерлери Кыргызстандын жараны Ш.А.А. башкарып бара жаткан “Мерседес-Бенц 412” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаада кагаз кутунун ичинде жалпы суммасы 110 800 сомду түзгөн ЕАЭБтин аймагына бажы контролу жок кирген 2216 кг жүзүм табылган.

Чогултулган документтер Ош облусунун прокуратурасы өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий