• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто бейтаптардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген гемодиализ аппараттары колдонулуп келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. Ош шаарында бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген гемодиализ аппараттары колдонулуп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте гемодиализ борборлорунда текшерүү жүргүзүлүп, бейтаптардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген, коопсуздугу жана сапаты тастыкталбаган «Жасалма бөйрөк» аппараттарын уруксатсыз пайдаланып келишкен фактылар аныкталды.

Алсак, “Т. М.” жеке гемодиализ борбору 28 аппарат менен оорукчандарды дарылап келишкен.

"Бирок, бир дагы аппарат Саламаттык сактоо министрилигинин тийиштүү департаментинен каттоодон өтпөй, 5000 саат иштегенден кийин сөзсүз техникалык кароодон өткөрүү керек болгонуна карабай, аталган гемодиализ аппараттары 35 000 - 45 000 саат колдонулуп келген", - деп айтылат билдирүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы М.О. жана Түштүк аймагы боюнча дары дармектерди көзөмөлдөө департаментинин башчысы С.К. ээлеген кызматынан бошотулушту.

Ал эми, жеке гемодализ борборлорунун жетекчилерине карата укуктук баа берүү үчүн материалдар Ош шаардык прокуратурасынын маалымат электрондук журналына катталып, караштуулугу боюнча Ош шаардык ИИБнын тергөө кызматына жиберилип, Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (“Шалаакылык”) жана 146-беренеси (“Медициналык кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий