• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто белгисиз адамдар үй ээсин ѳлтүрүп, үйүн ѳрттѳп кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 26.12.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Ош ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө 25нен 26-декабрга караган түнү болжол менен саат 02:40 чамасында Ош шаарынын Ош кѳчѳсүнүн 100-үйү ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкѳн.

Ош ШИИБнин басма сөз кызматынын кабарлашкандай, окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө кызматы барган.

“Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден 1956-жылы туулган Октам Абдикадыров аттуу үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылган. Анын жубайы 1961-жылы туулган аял тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдун киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

“Анын денесинде көптөгөн көптөгөн тактар жана көкүрөк тушунда миздүү нерсенин кирген ири болгон”,-деп билдиришти Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан.

Маркумдун жубайы өз көрсөтмөсүндө түнкү саат 01:20 чамасына белгисиз бир нече адам үйгө бастырып кирип, акча талап кылгандыктары тууралу билдирген.

“Мени бир нече жолу урганда кулап калдым, бейбаштар өлдү деп ойлошту. Күйөөмдү сабап, үйгө от коюп, кетип калышты”,-деп айтылат жабырлануучунун көрсөтмөсүндө.

Учурда өзгөчө оор кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын түзүлгѳн топ иштеп жатат. Тиешелүү эспертизалар дайындалды.

КР Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине (адам ѳлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголду. Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий