• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто беткабы жок жүргүнчүлөр коомдук транспорттордон чыгарылууда

Аймак 0


Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Ош шаарында Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин комиссиясы троллейбус, автобус жана маршруткалардын айдоочулары менен жүргүнчүлөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аталган агенттиктин кызматкерлери жүргүнчүлөргө беткаптарды кийүүнү сунуштады.

Ал эми беткабы жок жүргүнчүлөрдү коомдук унаадан чыгуусун суранып, жакынкы дарыканадан аны сатып алгандан кийин гана коомдук транспортко киргизишти. Ошондой эле комиссия базар, коомдук тамактануучу жай жана соода түйүндөрүндө рейд жүргүзүүдө.

Буга чейин Республикалык штабдан билдиришкендей, коронавирусту кайсы жерден жуктуруп алганы аныкталбаган жарандар илдетти базар жана коомдук транспорттордон жуктуруп алганы божомолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий