• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ошто коллегиялык жыйында билим берүү тармагындагы маселелер каралды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп, анда билим берүү тармагындагы маселелер да каралган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында шаардын вицце-мэри Эмиль Шадыханов, мэриянын социалдык бөлүмүнүн жана билим берүү башкармалыгынын башчылары маалымат беришти.

“2020-жылга жергиликтүү бюджеттен билим берүү тармагына 384 210 500 сом өлчөмүндө бекитилген. Мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрү үчүн жалпы 12 млн 733 миң сом каралып, 2020-жылдын 6 айында 6 млн 300 мин сом акча каражаты мугалимдерге жана балдар бакчаларынын тарбиячыларына которулуп берилди. Капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жылдык сметада 23 млн 415 миң сом каралган. Каралган каражатка негизинен 33 мекемеде оңдоп-түзөө иштери пландаштырылды. Анын ичинен 8 мекеменин жылытуу системасын, 8 мектептин ашканасын оңдоого, 2 мекеменин канализациясын, 3 мекеменин чатырын жаңылоого, 4 мекеменин электр түтүктөрүн жаңылоого, 2 мекеменин алдына асфальт төшөөгө, 2 мекеменин терезелерин алмаштырууга, 1 мекемени капиталдык ремонттон өткөрүү, 5 мекемеге 8 даана жайкы верандаларды куруу, 2 мекеменин ажатканаларын оңдоо, 1 мекеменин алдына тапан таш төшөө, 1 мекемеге кичи футбол аянтчасынын үстүн жабуу ж.б.у.с. жумуштар боюнча иштер жүрдү. Эң негизгиси окуу жылына башталуунун алдында баардык билим берүү тармагын атайын түзүлгөн комиссиялык топтун мүчөлөрү текшерип, санитардык эрежелер боюнча толук түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн”, - деди Э.Шадыханов.

2020-2021-окуу жылынын башында Ош шаарында 78 жалпы билим берүүчү мектеп иштейт. Анын ичинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 55 мамлекеттик жана 23 жеке менчик мектеп бар.

Учурда шаар боюнча 3 миң 277 мугалим 74 миң 348 окуучуга тарбия-таалим берүүдө. Мамлекеттик мектептерге тартылган окуучулардын саны – 69 миң, жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны – 5 миң 349.

Жаңы окуу жылына карата 1-класска электрондук кезек менен кабыл алынган окуучулардын саны - 5 миң 350.

Пикир

Оставить комментарий