• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто билим берүү тармагын реформалоого багытталган талкуу өттү

Билим 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Ошто билим берүү жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды, - деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Ош шаардык кеңешинде “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоого катышты.

"Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Чойбеков жана Элдар Сулайманов Ош шаарында мыйзам долбоорун коомдук талкуулоону демилгелешип, ага шаардык кеңештин депутаттары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кесиптик лицейлеринин директорлору катышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери жаштар арасындагы миграциянын өсүшүн айтып, көз карандысыз каржылоо жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо зарылдыгына токтолушту. Алардын сунуштары мыйзам долбоорун кароодо жана Бюджеттик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эске алынат.

Пикир

Оставить комментарий