• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто бир айга толо элек небересин сатууга аракет кылган 59 жаштагы аял кармалды

Аймак 0

Бишкек, 26.03.18. /Кабар/. Кыргызстанда укук коргоо органдары тарабынан өзүнүн небересин сатууга аракет кылган аял кармалган. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Ош шаарында аял баланы сатууга аракет кылып жаткандыгы жада калса кардар да таап койгондугу маалым болгон. Ыкчам-иликтөө ишинин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан анын өздүгү такталган. Ал Ош облусунун 59 жаштагы М.Л., аттуу тургуну болгон.

“2018-жылдын 22-мартында атайын жүргүзүлгөн операциянын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан аял Ош шаарынын аймагында 20 миң сом акча алгандан кийин кармалган. Ал бир ай да боло элек небересин алып келип “кардарга” таштап акча алып кеткен”,-деп билдиришти ИИМден.

Ымыркай дароо социалдык кызматкерлерге өткөрүлгөн.

Аталган факты боюнча “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Тергөө аталган кылмыштын чоо-жайын иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий