• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто бир жашка чейинки бөбөктөр арасында жарыш өтөт

Аймак 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Ошто биринчи жолу 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата "Алгачкы ийгилигим" аттуу жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, мелдешке бир жашка чейинки бөбөктөр катыша алышат.

"Катышуучуларга эскертүү: Жарышка катышуу үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ала келүүңүз абзел",-деп айтылат маалыматта.

Мелдеш 1-июнь күнү саат 09:00дө №6 "Манас-Ата" аймактык кеңешиндеги И.Раззаков атындагы эс алуу багында өткөрүлөт.
Болжол: Каныкей рестораны.
Байланыш үчүн: (03222) 5-51-63, 5-51-62.

Уюштуруучу Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети.

Пикир

Оставить комментарий