• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто биринчи кыргыз-өзбек биргелешкен “IMZO KG” ишканасы түзүлдү

Аймак 0

Ош, 18.04.18. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн биринчи кыргыз-өзбек биргелешкен “IMZO KG” ишканасынын ачылышы болду.

Иш-чарага калаа башчы Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстандын КРдеги элчилигинин өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Ормонов өз сөзүндө шаар тургундарын пластик эшик жана терезе чыгара турган ишкананын ачылышы менен куттуктады. Аталган ишкана жаңы жумуш орундарын түзүп, шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана эки калк ортосундагы достукту дагы да болсо бекемдейт деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий