• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто биринчи жолу эл аралык марафон өтөт

Аймак 0

Бишкек, 25.01.19 /Кабар/. Ош шаарында 6-апрелде биринчи жолу эл аралык марафон өтөт. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 42 км 195 метрден сырткары 3 км 10 метр жана 21 км 95 метр аралыкка чуркоолор өткөрүлөт.

Спорттук иш-чараны Жеңил атлетика федерациясы менен Ош мэриясы биргеликте уюштуруп жатат.

Марафонго катышу үчүн 1-февралдан 3-апрелге чейин катталып, акы төлөш керек.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, февралда катталгандар 300 сом төлөйт, мартта – 500 сом, апрелде айында катталгандар 1000 сом төлөшөт.

Пикир

Оставить комментарий