• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто биринчи жолу көркөм гимнастика боюнча мелдеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Ош шаарында биринчи жолу көркөм гимнастика боюнча Ош шаарынын биринчилиги өттү. Мелдештин расмий ачылышына Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, КРнын көркөм гимнастика боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Светлана Маисеева, машыктыруучулар, спортчулар катышты.

К.Саркарбаев мелдештин Ош шаарында, деги эле түштүк аймагында биринчи жолу өтүп жатканын баса белгилеп, иш-чара көркөм гимнасиканы өнүктүрүү, ага жаштардын кызыгуусун арттыруу максатында өтүп жатканын билдирди.

Турнирге Бишкек жана Ош шаарларынан 3 жаштан 10 жашка чейинки 140 спортчу кыз катышууда. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан дипломдор, медалдар жана баалуу белектер тапшырылды.

Эске сала кетсек, мелдеш 17-18-ноябрь күндөрү болду.

Пикир

Оставить комментарий