• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто биринчи жолу оор атлетика боюнча КРнын ачык чемпионаты өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Ош шаарында үстүбүздөгү жылдын 12-13-март күндөрү жаштар жана өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнирдин ачылышына Кыргызстандын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Н. Исмаилов, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, КР Оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти А. Молдодосов, республикага эмгек сиңирген спорт чеберлери, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 155ке жакын спортчу катышты. Чемпионатты КР Оор атлетика федерациясы менен Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети биргеликте уюштурган.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуу үчүн республиканын курама командасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий