• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто биринчи жолу жарандарды китеп окууга үндөгөн иш-чара өтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.03.18. /Кабар/. Ошто биринчи жолу жарандарды китеп окууга үндөгөн эки күндүк иш-чара өтөт,-деп билдирет “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду.

Маалыматка ылайык, шаардык деңгээлде өтүүчү “Китеп camp” жарманкеси жарандарды китеп окууга үндөөгө багытталган иш-чара болуп саналат.

Иш-чаранын негизги максаты китептин кадырын жогорулатуу жана коомубуздун китеп сатып алуу маданиятын калыптандыруу.

“Бул күнү ар бир катышуучу кызыктуу жана пайдалуу китептер менен тааныша алат жана кызыктуу программага күбө болушат”,-деп билдиришти фонддон.

Андан тышкары, иш-чаранын алкагында белгилүү инсандар менен семинарлар, кызыктуу китептердин авторлору менен жолугушуулар болот.

Иш-чара 17-18-март күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий