• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто бюджеттен акча каражатын уурдоо фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан “С.Т.” ЖЧКнын жооптуу адамдарына карата мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелип жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы аталган ЖЧК менен Ош шаарындагы Кеңсай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, андан кийин жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча каражаттарын которгону аныкталды. Бирок, бүгүнкү күндө объект пайдаланууга бериле элек, ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү жана суммасы 13 миллионго жакын сомду түздү.

2020-жылдын 26-ноябрында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык аталган ЖЧКнын жетекчиси “П.Т” деген жаран кармалган.

28-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза өтүү чарасы колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий