• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто бокс боюнча IХ Эл аралык мелдеш башталды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Кечээ, 22-майда Оштогу бокс жана оор отлетика спорттук мектебинде Абдували жана Нургазы Арзиевтердин жаркын элесине арналган бокс боюнча 9- эл аралык турнир башталды.

Иш-чаранын расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Ош шаары боюнча бокс федерациясынын президенти Медетбек Маметов, машыктыруучулар, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты.

Мелдешке Орусия, Казакстан, Тажикистан, Өзбекистан, Монголия мамлекеттеринин спорт чеберлери жана Кыргызстандын баардык аймактарынан келген 200дөн ашуун спортчулар катышууда. Мушкерлер 12 салмактык категорияда күч сынашат. Максат, спорчулар ортосундагы достук мамилени чыңдоо, жаштарды бокс менен машыгууга үндөө, спортчулардын деңгээлин көтөрүүгө багытталат.

Иш-чара шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин демилгеси менен уюшулуп, жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер берилет.

Ошондой эле, жеңүүчүлөр спорттун чебери наамына ээ болушат. Мелдеш 27-майга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий