• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто борбордук аянттагы Жаңы жылдык майрамга 13 миңге жакын адам күбө болду

Аймак 0

Бишкек, 01.01.20. /Кабар/. 31-декабрь күнү Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылып, белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда чоң салтанат менен уланды.

Шаардагы окуу жайлар, көркөм чыгармачылык мектептер өнөрлөрүн көрсөтүшүп, Оштун эң алдңыкы таланттуу балдар, кыздары шаардыктардын маанайын көтөрүштү. Кечки майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, жалпы шаардыктарды жана конокторду куттукташты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында жаңы жылдык салют атылып, жаштар үчүн бий кече менен уланды.

Жалпысынан борбордук аянтка 13 миңге жакын шаардыктар жана коноктор катышты.

Пикир

Оставить комментарий