• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто борбордук базарда күндүзү тууганына бычак сайган киши кармалды

Аймак 0

Ош, 05.03.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 4-мартта күндүзү шаардагы борбордук базарда эркек киши карыз үчүн балдызына бычак менен кол салган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-мартта болжол менен саат 12:30 чамасында белгисиз эркек киши 1989-жылы туулган “Д.А.”, аттуу сатуучунун артынан келип, далысына бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. 10 мүнөттөн кийин шектүү киши шаардын борбордук базарынан милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

“Кармалган адамдын айтуусунда, ал мындай кадамга акчанын айынан барган. Жабырлануучу анын аялына акча берген, ал карызын төлөө үчүн Россияга иштегени кетүүгө мажбур болгон. Шектүү балдызы өлбөй калыганына өкүнөөрүн билдирди”,-деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган “Д.А.”, Ош облустук оорукананын дарыгерлерин тарабынан куткарылды, бирок ал көп кан жоготкон.

Шектүү 1963-жылы “Ж.К.” убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий