• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто борбордук стадиондо өтүүчү концерт Ош Улуттук драма театрында болмокчу

Аймак 0

Бишкек, 05.10.17./Кабар/. Ош шаарынын 3017 жылдыгына арналган гала концерт Ош Улуттук драма театрында өтө турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай өзгөрүүлөр аба ырайына байланыштуу жүргүзүлгөн.

Айта кетсек, буга чейин концертти шаардын борбордук стадионунда өткөрүү пландалган. Концерт саат 18:30да башталат.

Концертти бийчилер, фольклордук топтор, белгилүү ырчылар Омар, Аяна Касымова, "Non stop" дуэти, Самара Каримова, Самара Сабирова, Венера Назаралиева, Жумагүл Раимжан кызы жана башкалар коштойт.

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаары өзүнүн 3017 жылдыгын белгилөөдө.

Пикир

Оставить комментарий