• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто бош орундар жарманкеси өтүп, 16 адам жумуш менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Ошто бош орундар жарманкеси өтүп, 16 адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган.

Жарманкеге жергиликтүү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, жумуш издөөчүлөр, эки жүздөн ашуун тургундар катышып, аларга Өзгөн районундагы мекеме-уюмдар, шаар, айыл өкмөттөр тарабынан бош орундар боюнча жумуш издөөчүлөргө маалыматтар берилип, кеп-кеңештер айтылды.

Жарманкенин жүрүшүндө 16 жаран жумуш берүүчүлөр менен келишим түздү, 150дөн ашуун бош орундар бар.

Бул иш-чара райондо ар бир квартал сайын өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий