• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто буудай былтыркы жылга салыштырмалуу 1,2 миң гектарга көп айдалды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош облусунда буудай былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миң 200 гектарга көп айдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунда жазгы талаа иштери аяктап калды.

"Кечээ тоолуу Чоң Алай районунда да иштер бүттү. Дан эгиндер боюнча 21 миң гектарга буудай, 16 миң гектарга арпа айдалды. Ошондой эле 1 миң 600 гектарга эрте бышуучу эгиндер эгилди", - дейт ал.

Махаммадов кошумчалагандай, "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун алкагында 135 млн сомдук насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий