Ошто былтыр 87 мечит каттоодон өткөрүлүп, заманбап үлгүдөгү 43 мечит курулган

Аймак 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. 2017-жылы жалпысынан Ош облусу боюнча 87 мечит мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, 43 мечит заманбап үлгүдө жаңыланып курулган. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын жылдык жыйынтыктоо жыйынында казыяттын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Абдималик ажы Турсунбеков билдирди.

“КРдин Коргоо Кеңешинин чечимдерин аткаруунун алкагында диний объектерди мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүү максатына ылайык 2017-жылы Ош облусунун аймагындагы 87 мечит мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүлдү. Ал эми 43 мечит заманбап үлгүдө архитектуралык талаптарга ылайык кайрадан жаңыланып курулду. Мындан сырткары 300дөн ашуун мечиттин уставдары жаңыланып бүткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунда 838 мечит бар, алардын ичинен 809 мечит мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөн. Учурда 29 мечиттин тиешелүү архитектуралык документтери толукталып, каттоо иштерине даярдалып жатат” – деди А.Турсунбеков.

Пикир

Оставить комментарий