• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто үч күндүн ичинде 2 өспүрүм суицидке барган

Аймак 0

Ош, 21.05.18. /Кабар/. Ош шаарында үч күндүн ичинде 2 өспүрүм суицидке барган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15 жаштагы А. Кызы Т. үйүнүн босогосунда асынып алган.

Ошондой эле шаардын 33 жаштагы Б.К., аттуу тургуну өз жанын кыйган.

Андан тышкары, 29 жаштагы И.Д. көп көлөмдөгү дары ичип, өз жанын кыйганга аракет кылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калганга жетишкен.

2018-жылдын башынан бери Ош шаарында суицид боюнча 32 факты аныкталган, алардын көпчүлүгү 14төн 35 жашка чейинки кыздар.

Пикир

Оставить комментарий