• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто үч күнгө созулган эл жана турак-жай фондун каттоого тартыла турган персонал үчүн семинар жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо алкагында Ош, Жалал-Абад (Тогуз-Торо районунан тышкары), Баткен облустары жана Ош шаары боюнча райондук, облустук мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн үч күндүк семинар өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлайт.

Маалыматка ылайык, семинардын ишине Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана Статкомдун башка кызматкерлери катышты.

Үч күндүк окутуучу семинарды жыйынтыктап жатып, Улутстаткомдун кызматкерлери жергиликтүү мамлекеттик статистика органдарынын кызматчыларына “Каттоо” автоматташтырылган-маалыматтык тутум жөнүндө маалымат беришип, чогултуучу таблицаларды кантип түзүү керектигин үйрөтүп беришти. Андан тышкары, семинардын катышуучуларынан өтүлгөн окутуу боюнча сынак алынды.

Семинардын соңунда Бактыбек Кудайбергенов семинардын катышучуларына кайрылып, өз сөзүндө: “Азыркы учурда Улуттук статистикалык комитети тарабынан мамлекеттик масштабдагы ушул иш-чараны өткөрүүгө даярдык көрүү иштери кызуу жүрүүдө. Каттоонун эң маанилүү этабы, ага карата даярдыктын сапаты болуп саналат. Биз канчалык сапаттуу даярдансак, каттоо ошончолук жогорку деңгээлде өтөт”,- деди.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын эл жана турак-жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин жүргүзүлсө, алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майга чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий