• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто чүкө оюну боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө

Спорт 0

Ош, 25.04.19 /Кабар/. Ош шаарында 24-апрель күнү "Айкүр" чүкө оюндары боюнча Кыргызстандын биринчилиги башталды.

Мелдештин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын дене-тарбия жана спорт боюнча комитетинин, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар катышты.

Ал эми, мелдешке өлкөнүн 7 облусунун жана Ош шаарынын командасы катышууда. Анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Пикир

Оставить комментарий