• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто үчүнчү көпүрөнүн курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Оштогу Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн курулушуна капсула салынды. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаардыктар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев үчүнчү көпүрө Новаи жана Түштүк чыгыш кичи районунда салынган эки көпүрөдөн үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен салынып жаткандыгын билдирди.

“Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген бул көпүрө үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинде тургузулуп жатат. Узундугу 45 чакырым болгон көпүрөнүн тендердик баасы 21,2 млн.сом. түздү. Үчүнчү көпүрөнүн курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктайт. Ош шаары үчүн эле эмес, бүткүл кыргыз эли үчүн кызмат кылган, достуктун, ынтымактын көпүрөсү болсун деп тилек кылып капсуласын салдык”,- деди А.Кадырбаев.

Ал эми шардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында курулуш материалдар, көпүрөнүн сапаты бир нече кызматтар тарабынан тынымсыз көзөмөлгө алынат.

Белгилей кетсек, Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөлөрүн бириктирген үчүнчү көпүрөнүн сметалык баасы 38 млн., ал эми тендердик баасы 21,2 млн. сом. Жалпы узундугу 45 метр, унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми туурасы 15 метр болот. курулуш иштери ОсОО “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий