• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто чиновниктер курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз корутундуларды берген

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Ошто чиновниктер курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз корутундуларды берген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ж-Э” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан Ош шаарынын А.Масалиев жана Алай көчөлөрүндөгү көп кабаттуу турак үйлөргө мыйзамсыз архитектуралык-шаар куруу корутундусун берип жиберишкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий