• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто чуңкурда иштеп жаткан төрт адамды топурак басып калып, бир киши каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Ошто чуңкурда иштеп жаткан төрт адамды топурак басып калып, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы Биринчи май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткантөрт жаранды топурак басып калган.

"Жерине Ош шаардык ӨКМ башкармалыгынан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылып, 3 адамды куткарышкан.Тилекке каршы, бир киши каза болду, учурда анын өздүгү такталууда. Куткарылган үч жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген, абалдары туруктуу. Ал эми каза болгон жарандын сөөү ИИМ кызматына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий