• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Ош шаарында 2-3-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет.

Анын негизинде, шаардын борбордук аянтында “90 жылдыкка 90 көркөм өнөр” аталышындагы Ош шаары жана Ош облусунун көркөм сүрөт, скульптура, графика көргөзмөсү уюштурулат. Борбордук аянтка боз үйлөр тигилип, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, айыл-чарба жарманкеси өтөт.

Ал эми, ОУДТда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана ЖОЖдор тарабынанЧынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган окуу-усулдук колдонмолордун, тарбиялык иштердин, илимий, практикалык иштердин, жазуучунун өмүрүнө, чыгармачылыгына байланышкан китептердин көргөзмөсү болот.

Ошондой эле,ОУДТда Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдаштырылган эскерүү кечеси уюштурулуп, анда жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан документалдуу фильм көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Ош облустук ат майданында «Жаныбарым Гүлсары! аттуу улуттук «Көк бөрү», «Ат чабыш», «Кыз куумай» , « Жорго салыш» оюндары боюнча мелдештер өтөт.

Пикир

Оставить комментарий