• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто дагы бир аскер кызматкери каза болду

Аймак 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Кечээ, 17-августта Ички иштер министрлигинин Ош шаарындагы 703 аскер бөлүгүндө дагы бир аскердин өлүмү катталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү окуяны угар замат аталган аскер бөлүгүнө барды. Ал ушул окуя боюнча Ош шаардык ооруканасынын өлүкканасында жүргөн аскер бөлүктүн бардык жетекчилиги менен жолугушту.

Аскер бөлүгүнүн командири жана орун басарларынын айтымында, 17-августта эртең мененки саат 05:00 чамасында аскер бөлүгүнө текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер М. уулу А. ошол жерде ары-бери басып жүрүп жыгылып түшкөн жана ошол боюнча турган эмес. Жанындагы аскерлер текшерип-өткөрмө пункттан ары 20-30 метр аралыктагы аскер бөлүгүнүн медпунктуна алып барышканда анын каза болгондугу аныкталган.

"Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Насиров Кылычбек менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал аскерди алгачкы кароодо каза болгон аскердин денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизаны жүргүзүүдө атасы катышканын билдирди. Соттук медициналык биологиялык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугун, ички органдардан алынган заттар жана бөлүкчөлөр алынгандыгын жана аларды изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыга тургандыгын маалымдаган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өкүл ишти тергөөгө алган Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү менен да сүйлөшкөн. Ал аскердин медициналык картасы жана башка армияга чакырууга тиешелүү болгон иш-кагаздары алынгандыгын билдирген.

Аскер бөлүгүнүн командири каза болгон аскер үйүнө кете турганына бир ай эле калгандыгын, 2 күн мурда ата-энеси келип кетишкендигин айткан. Өкүл аскердин ата-энесине да жолугуп, юридикалык жардам берүүнү сунаштады.

Белгиленгендей, бул окуя боюнча акыйкатчынын өкүлү тарабынан чогултулган бардык материалдар акыйкатчы Атыр Абдрахматова тарабынан түзүлгөн “Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы” боюнча мекемелер аралык жумушчу топто иштөө үчүн колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий