• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ошто дагы бир көчөнү реконструкциялоо иши аяктоо алдында турат

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Ак-Тилек кичи районундагы №16 көчөнү асфальттоо иштеринин акыркы этабы жүрүүдө, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, узундугу 470 метрди түзгөн жолду асфальттоо иштери жүрүп жатат. Эки тарабына сугат лотоктору төшөлүп, жумушка 5 атайын техника жана 15 жумушчу тартылган.

Асфальттын жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына, аларды ишке ашыруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

Канализациялык кудуктар жолдун жээгинде жайгашып, жергиликтүү тургундар тарабынан уруксатсыз орнотулган. Буга байланыштуу Ош шаардык жолдор башкармалыгы канализация люктарын орнотууну көздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий