• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто дагы бир жаңы ФАП колдонууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 28.11.17. /Кабар/. Оштогу Сулайман-Тоо аймактык кеңешиндеги жаңы ФАП колдонууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-ноябрда Ош шаарындагы №3 Сулайман-Тоо аймактык кеңешиндеги жаңы курулуп бүткөн фельдшер-акушердик пункттун ачылышы болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары келип катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган “Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө” программанын алкагында өзгөчө жаңы конуштарга, шаардын борборунан алыс жайгашкан аймактарга көңүл бурулуп, чакан ооруканаларды, бала бакчаларды куруп келечек муунга кам көрүлүп жаткандыгын айтты.

“Шаарда саламаттыкты сактоо маселеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигини артыкчылык берилген багытты болуп келе жаткагдыгы маалым. Жылдан жылга калктын ден соолугун бекемдөөгө маани берилип, тейлөөнүн сапаты бир топ жогорулоо маенен материалдык-техникалык базасы бекемделип бара жатат. Учурда Ош шаарында Кытай мамлекетинин гранттык каржылоосу менен 150 орундуу заманбап оорукананын курулуш кызуу жүрүүдө. Ал эми калкы жыш, ооруканалар алыс жайгашкан аймактарга чакан медициналык мекемелерди курулуп жатабыз”, - деди А.Кадырбаев.

Имараттын сметалык баасы 3, 7 млн. сом, ал эми тендердик баасы 2,0 млн. сом. ФАП жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий