• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто дагы бир жаран коронавирусту жуктуруп алгандыгын жашырган - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Чет өлкөдөн келген кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алгандыгын жашырган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Россиядан апрель айында Ош облусундагы айылдардын биринде жашаган кыргызстандык келген.

"Коронаврусту жуктуруп алып, оорусун жашырган жаранга кылмыш иши козголду. Ал жаран оорусун жашыргандан улам анын үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө илдет жуккан. Дагы туугандарынын ичинен 10 адам обсервацияга жаткырылган", - дейт ал.

Нурдинов белгилегендей, 25-мартан бери илдетти жуктуруп, оорусун жашырган 3 факты катталган.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий