• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто дагы эки бала бакча салынууда. Мэр курулуштун жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Ошто дагы эки бала бакча курулууда. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов эки бала бакчанын курулушу менен таанышты

Күн мурун Сарыбашов Курманжан датка (Юго-Восток) жана Амир-Темир (Он-Адыр) муниципалдык аймактык башкармалыктарында курулушу жүрүп жаткан бала бакчалар менен таанышты. Калаа башчысы курулушунун сапатына көңүл буруу керектигин айтып, ушул айдын ичинде Жапалак айылына үчүнчү бала бакчанын курулушу башталаарын айтты.

“Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен Амир-Темирге 100 орундуу, Юго-Восток кичи районуна 120 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бала бакчалардын бардык шарты эске алынган. Быйыл пайдаланууга беребиз. Жакында үчүнчү бакчанын курулушун Жапалак айылында баштайбыз. Ак-Тилек кичи районуна да бала бакча куруу негизги планыбызда бар. Мындан тышкары мурда бала бакча болгон 4 имаратты кайтарып алып жатабыз. Ал имараттарды да толугу менен оңдоодон өткөрүп, кайрадан бала бакчага айлантабыз. Биздин негизги максаттарыбыздын бири балдарды бала бакча менен камсыз кылуу ”, - деди шаар мэри.

Ош шаарында 41 мамлекеттик бала бакча иштейт.

Пикир

Оставить комментарий