• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Ошто дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Коргон айылынын 17жаштагы Т.К. аттуу тургуну Супа жайлоосунда жайылып жүргөн мал-жандыктарын кароо үчүн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

24-май түнү саат 01:00 чамасында баланын туугандарынан ӨКМге билдирүү түшкөн.

Бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар Үнкүр айылына барганда жергиликтүү тургундар жоголгон баланын сөөгү табылгандыгын билдиришкен.

Баланын сөөгү ата-энесине өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий